28.11.2018 15:18

Бишкектеги аба булгануусуна башаламан курулуштун тиешеси кандай?

Бишкектеги аба булгануусуна башаламан курулуштун тиешеси кандай?

Бишкектин деталдык пландоо долбоору шаардык кеңештин кароосуна түшө элек. Иштеп чыгууга 22 миллион сом сарпталган маанилүү документтин тагдыры төрт жылдан бери чечилбей келет. Ал чийки жазылып калганын калаа башчысы Азиз Суракматов да белгилеген болчу.

Эмгек сиңирген архитекторлордун айтымында, шаардын деталдык пландоо долбоору мыкты жазылганда, көңүл чордонунда турган кара түтүн көйгөйү да чечилмек.