Россияга иштегени кеткен 16 кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алды

Россияга иштегени кеткен 16 кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алды

Орусияда 16 кыргыз жараны коронавирус менен ооруп калышты. Бул тууралуу Россиядагы жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 90 жараны Россиянын Псков облусунун Новосокольнический районуна курулушка иштөөгө барышкан.

“Невельский вестник” гезити Невельский райондор аралык ооруканасынын башкы дарыгерине шилтеме берип билдиргендей, кыргыз мигранттарынын ичинен 16 жарандан коронавирус табылган. Алардын бардыгы Псков шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылганы маалымдалат.

Алар менен байланышта болгон калган 74 курулушчу Невельский районунда жайгашкан обсервацияга жиберилген. Алар эки жумага обсервацияга алынгандыгы айтылат.