Бишкектеги Ак-Бата конушунда эки көчө суу алдында калды

Бишкектеги Ак-Бата конушунда эки көчө суу алдында калды

Нөшөрдөн улам,  Бишкектин четиндеги Ак-Бата жаңы конушунун эки  көчөсү  суу астында калды. Бул туурасында April.kg маалымат сайтынын кабарчыларына  жергиликтүү тургундар билдиришти.

Айтымдарында түнү менен нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен конуштагы 9 жана 10чу көчөлөрдү жамгыр суусу каптап кеткен. Конуштагылар үйлөрүнөн көчөгө чыгып, баса албай калышканын айтышат. Бүтүндөй жолду ээлеп калган көлчүк суу бир нече турак үйдү да каптаган.  Жашоочулар көчөлөрдүн туура эмес салынып, жол четинде арыктардын жоктугу  окуяга себеп болгонун жүйө келтиришет. Жергиликтүү бийлик  өкүлдөрү көйгөйдү чечүүгө шаардык бюджеттен акча каралбай жатканын айтышат. Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары суу астында калган көчөлөрдү маселерден арылтуу максатында жеринде иштеп жатат.