16.05.2020 15:44

Бишкектеги бир катар төрөт үйлөр кош бойлуу аялды кабыл алуудан баш тарткан. Ымыркай өлүү төрөлгөн

Бишкектеги бир катар төрөт үйлөр кош бойлуу аялды кабыл алуудан баш тарткан. Ымыркай өлүү төрөлгөн

Бишкекте бир канча төрөт үй кош бойлуу аялды кабыл алуудан баш тарткан. Ымыркай өлүү төрөлгөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

 «Апрелге»  мекемеден билдиргендей бала эненин ичинен өлүп калган.  

«Бул түйүлдүктүн антенаталдык өлүмү деп аталат - кош бойлуу мезгилиндеги түйүлдүктүн ичтен өлүп төрөлүүсү. Мындай көрүнүш кош бойлуулуктун бардык мөөнөттөрүндө кездешүүсү мүмкүн», - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Мекеменин маалыматына ылайык, кош бойлуу аялды кабыл алуудан баш тарткан учур боюнча  кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

«Факты жарым-жартылай тастыкталды. Жыйынтыгында Бишкек шаардык перинаталдык борбор, №1 төрөт үйү, Шаардык гинекологиялык оорукана жана №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилерине дисциплинардык жаза чарасы көрүлмөй болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин брифингинде 38 жаштагы  келин Шаардык перинаталдык борбордо экени, дарыгерлер төрөтүн кабыл алганы айтылган. Бирок ымыркай өлүү төрөлүп калгандыктан, буга ким күнөөлүү экени аныкталып жатканын билдиришкен болчу.