11.09.2018 10:41

Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн чыккан өрттөн кандай зыян келгени айтылды

Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн чыккан өрттөн кандай зыян келгени айтылды

Бишкекте бүгүн, 11-сентябрда Токтогул көчөсүндө жаңы курулуп баштаган үйдүн жер төлөсүнөн чыккан өрт саат 9:59да толук өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Аталган көчөнүн №172 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсү курулуп, 1-кабаттын тумбалары тургузулган. Дал ошол бүткөн жер төлөсүнөн өрт чыгып, ал жерге өрт өчүрүү кызматынан 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Саат 6:18дө жалын чектөөгө алынып,  09:59да толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен  1000 чарчы метр  курулуш материалдары күйгөн.