23.05.2019 12:13

Бишкектеги сейил бакта «Гавайи бурчу» пайда болду

Бишкектеги сейил бакта «Гавайи бурчу» пайда болду

Бишкекте Махатма Ганди бульварындагы «Молодежный» сейил багында «гавайи бурчу» пайда болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, парктын ылдыйкы бөлүгүндө камыштан жасалган 3 метрлик эки алачык коюлган. Алардын ортосунда куураган жыгачтардын таарындыларынан жасалган өзгөчө жол бар.

Таарындылардын ортосундагы бош жерлерди көгүш түстөгү кооз таштар менен толтурушкан, алар суунун элесин берип турат. Алачыктарга жыгачтан жасалган көпүрөлөр аркылуу кирет. Ага материал катары ушул эле парктагы көл жээгинде өскөн камыштар колдонулган. Ошондой эле, паркта жаңы жыгач орундуктар пайда болду.

Бул бурчту жасоо үчүн  «Бишкекжашылдандыруучарбасы» бир дагы сом короткон эмес. Баардыгы колдо болгон материалдар жана кызматкерлердин күчү менен жасалган.

Паркты жасалгалоого бир ай убакыт кеткен.