06.11.2018 14:25

Бишкектеги жол кырсыктын күбөлөрү изделүүдө

Бишкектеги жол кырсыктын күбөлөрү изделүүдө

Эки жума мурун жол кырсыгынан кийинки жаңжалдан каза тапкан чиновник эсиңерде болсо керек. Шектелип жаткан тараптын жакындары окуянын күбөлөрүн издеп жатышат.

Буга чейин жол кырсыгынын катышуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, айдоочулардын бири “Кыргызаэронавигациянын” директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев мушташтан каза тапкандыгы айтылган. Шектүүлөр аткаминердин күч коолдонуудан көз жумганын четке кагышып, башка версияны келтиришүүдө.