09.05.2019 14:36

Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшү. Асмандан көрүнүш (видео)

Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшү. Асмандан көрүнүш (видео)

Бүгүн Улуу жеңиш күнү белгиленип жатат. Мындан туура 74 жыл мурун биздин ата-апалар өз эрдиги менен эл күткөн жеңишти камсыз кылган эле. Азыркы учурда жер-жерлерде жеңиш күнүнүн урматына ар кандай иш чара, митинг-реквиемдер өтүп жатат.

Бишкекте салтка айланып бараткан “Өлбөс полк" акциясы өттү. Жөө жүрүштүн катышуучулары колуна согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон чоң-ата, чоң-апа, туугандарынын сүрөтүн кармап алып борбор калаанын Түштүк дарбазасынан Жеңиш аянтына чейин басып келишет. Быйыл өлбөй полк акциясына катышууга чыккандардын саны 80миңге жеткени айтылып жатат. Жолдун жалпы узундугу 6 чакырымдан ашат. Жүрүшкө өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Мындан тышкары калың элдин катарынан мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди да көрүүгө болот. Ал, атасы Шаршен Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп, жубайы, балдары менен чогуу жүрүшкө чыкты.