30.03.2020 10:49

Бишкектеги өзгөчө абал: журналисттерге аккредитация берилбейт

Бишкектеги өзгөчө абал: журналисттерге аккредитация берилбейт

Өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбейт. Бул туурасында Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев брифингде билдирди. Мындай чечим журналисттердин өзүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн кабыл алынганын түшүндүрдү.

«Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей. Алардын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана ыӊгайлуулугу үчүн күн сайын онлайн режимде Республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Бардык кызыктырган суроолорду WhatsApp номерине жиберсеӊиздер болот, биз журналисттердин жана коомчулук тарабынан берилген эӊ орчундуу жана курч суроолорго жооп берип жатабыз».-деди Алмаз Орозалиев.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 84 адамдан табылды. Учурда үчөөнүн абалы оор. Обсервацияда 4886 адам жатат.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.