11.05.2020 11:20

Бишкек коменданты шаардыктар менен коштошуп, кайрылуу жасады

Бишкек коменданты шаардыктар менен коштошуп, кайрылуу жасады

Бүгүн Бишкекте коменданттык саат мөөнөтү аяктады. Калаанын комендатурасы ишин жыйынтыктады. Анын жетекчиси жарандар менен коштошуп, кайрылуусун Facebook баракчасына жүктөдү.

Кайрылуу текстинен:

« Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, өзгөчө абал токтотулуп, коменданттык саат жокко чыгарылды. 25-марттан тартып ушул күнгө чейин биздин тургундар өздөрүн Кыргызстандын чыныгы жараны экендигин көрсөтүштү, өзгөчө абал режиминин талаптарын аткарып, оор кырдаалга туруштук бере алышты.

Ооба, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коронавирус коркунучун башыбыздан өткөрүп жатабыз, эпидемия, пандемия жана карантин деген эмне экендигин мурда билчү эмеспиз. Алгачкы жолу комендатура түзүлдү, жарандардын ден соолугу үчүн тез арада, кээде дароо чечим кабыл алынышы керек болчу.

 

Биз өзгөчө кырдаал учурунда күнү-түнү иштедик. Жарандардын колдоосу коронавируска каршы күрөшкөн укук коргоо органдарынын жана социалдык органдардын ишине чоң жардам берди.

Бардыгыңыздардын колдооңуздарга, урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыздарга рахмат. Силер — шаардын баатырысыздар, бул биздин калаа, өлкөнүн борбору.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо жана бейпилдик каалайбыз. Биз бул вирусту сөзсүз жеңебиз.

Урматтоо менен Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич жана Бишкек шаарынын Комендатурасы!»

 

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Бул режим түндө саат 00.00дө аяктап, Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режими улана берет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Дорогие горожане и гости столицы, завершился режим чрезвычайного положения и отменен комендантский час. ⠀ За все эти дни, начиная с 25 марта и по настоящее время, наши горожане показали себя настоящими гражданами Кыргызстана, где проявили стойкость перед сложившимися тяжелыми обстоятельствами и с высокой гражданской позицией выдержали требования чрезвычайного положения на территории города. ⠀ Да, все мы первый раз за всю историю Кыргызстана столкнулись с такой мировой угрозой опасного коронавируса, в таких масштабах ранее мы и не знали, что такое эпидемия, пандемия и карантин. Впервые была создана комендатура во время пандемии, невидимой и опасной коронавирусной инфекции, где надо было принимать решения оперативно, а иногда даже мгновенно ради безопасности здоровья наших граждан. ⠀ Все принимаемые меры комендатурой столицы были направлены в первую очередь на обеспечение безопасности здоровья горожан. ⠀ И все мы в период чрезвычайного положения работали день и ночь, но именно проявленная поддержка наших родных граждан, очень сильно помогала работе правоохранительных и социальных органов, задействованных по противодействию распространения коронавирусной инфекции. ⠀ Спасибо огромное всем горожанам за вашу поддержку, за ваше уважительное отношение и понимание — вы настоящие герои этого города, и это наш город Бишкек, наша столица Кыргызской Республики. ⠀ Желаем всем и всегда крепкого здоровья, светлого благополучия, процветания и мирной жизни. Мы обязательно победим этот вирус, никто, ничто и никогда не сломит свободный дух народа Кыргызстана. ⠀ С большим уважением к гражданам, Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич и Комендатура города Бишкек!

Публикация от Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич (@almazbek_orozaliev_official)