14.01.2019 13:00

Бишкектен эт ташып бараткан учак Тегерандын жанына кулап түштү

Бишкектен эт ташып бараткан учак Тегерандын жанына кулап түштү

Бишкектен чыккан жүк ташуучу учак Тегерандын жанына кулап түштү, деп жазып чыгышты иран ЖМКлары. 

Fars агенттигинин маалыматына караганда, Kyrgyzstan Airlines компаниясынын Boeing 707 учагынын учкучу конууда учакты башкара албай калган.

Лайнер Бишкектен Тегерандан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Кередж шаарынын Пайям аба майданына конмок. Бирок, учкучтар Кередждин башка аэропортуна конуп башташкан жана лайнерди учуп-конуу тилкесинин чегине кондурууга үлгүрбөй калышкан. 

Boeing 707 аба майдандын тосмосун сүзүп, четтеги адамдар жашаган аймакка кирип кеткен. 

Учактын ичинде 10 адам болгону жана эт продукциясын ташып баратканы айтылат.  Борттогу адамдардын тагдыры тууралуу азырынча так маалымат жок.