22.07.2019 13:14

Бишкектик форсаж: дрифт боюнча турнирде айдоочу көрүүчүлөрдү сүзүп кетти

Бишкектик форсаж: дрифт боюнча турнирде айдоочу көрүүчүлөрдү сүзүп кетти

Бишкек шаардык мэриясы дрифт боюнча турнирлерди калаанын борборунда өткөрбөш керек, деп чыкты. Ага кечээки спорттук иш чарада катталган кырсык себеп болгон. Бирок мурда окшош саамалыктар эки ирет шаардын так очогунда уюштурулуп келген. Үчүнчүсүндө кайып келген машина адамдардын жоон тобун сүзүп токтогон.