Бишкектин 3-кичирайонунда 22-сентябрда таза суу жок болот
Бишкектин айрым райондорунда 22-сентябрда таза суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, техникалык себептерге байланыштуу 22 сентябрь күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын 3-кичирайонунун аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт.
Суу Койбагаров көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан Тобольский кыска көчөсүнөн Предгорный кыска көчөсүнө чейин, анын ичинде:
- №60 орто мектепте;
- №123 мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде;
- №126 адистештирилген мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде;
- №64 байланыш почта бөлүмү;
- «Ариэль»ОТК;
- «Ариэль Лиор» жеке менчик бала бакча;
- Улуттук онкология борборунда өчөт.
«Бишкексууканал» шаар тургундарынан, уюмдардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, таза суу камылгасын көрүп алууну суранат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: