18.09.2018 11:30

Бишкектин 7-кичирайонунда белгисиз кыздын жансыз денеси табылды

Бишкектин 7-кичирайонунда  белгисиз кыздын жансыз денеси табылды

Бишкектин  7-кичирайонунда бүгүн эртең менен белгисиз кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу April.kg порталына Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул тууралуу милицияга  7:15те кабарланган. Жерине Октябрь райондук ИИбдин ыкчам тобу барган. 

Тартип сакчылар келгенде азиат улутундагы, 20-25 жаштагы кыздын сөөгүн табышкан. Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.