15.03.2019 12:43

Бишкектин батышын уюлгуган кара түтүн каптады: турак үй, унаа жана күйүүчү май бар челектер күйүп жатат(видео)

Бишкектин батышын уюлгуган кара түтүн каптады: турак  үй, унаа жана күйүүчү май бар челектер күйүп жатат(видео)

Бишкекте Ленин районундагы 42-мектептин жанында турак үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу April.kg порталына окуянын күбөсү билдирип, тасма жөнөттү.

Анын айтымында, алгач турак жай өрттөнүп баштап, кийин жалын унаанын арткы бөлүгүнө жармашып, андан көчөнүн боюнда сатылып жаткан ичинде соляркасы бар челектерге өткөн.

«Жабырлануучулар бары-жогун билбейбиз, эч ким жакын  бара албай жатат, челектер жарылып, маршруттук таксилер токтоп калды. Эл аябай көп топтолду. Өрт өчүрүүчүлөр жүрөт, бирок өчүрө албай жатышат», -деп билдирди күбө.

ӨКМ April.kg  порталына жеринде 4 өрт өчүрүүчү топ иштеп жатканын билдирди.

«Бизге 12:07де Бишкектин Кустанай жана Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде турак үй күйүп жатканы тууралуу билдирүү түштү. Башында 4 өрт өчүрүүчү топ жөнөтүлгөн эле. Кийин дагы бир топ жиберилди», -дешти мекемеден.