24.04.2019 11:54

Бишкектин борбору курчоого алынды. Саперлор жарылуучу зат издеп жатышат

Бишкектин борбору курчоого алынды. Саперлор жарылуучу зат издеп жатышат

Бишкекте Тыныстанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде шектүү баштык аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 24-апрелде саат 11:05дө Бишкек ШИИББнин нөөмөт бөлүмүнө Экономика министрлигинин имаратынын жанында шектүү баштык жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине УКМК менен ИИМдин кызматкерлери ыкчам жөнөтүлгөн. Учурда аймак курчоого алынды. Адистер шектүү предметти жана жакын аймакта жарылуучу заттын жоктугун текшеришүүдө.