08.02.2019 11:29

Бишкектин борборуна бөбөктүн сөөгүн таштап кетишкен. Милиция энесин издөөдө

Бишкектин борборуна бөбөктүн сөөгүн таштап кетишкен. Милиция энесин издөөдө

Бишкекте Чоң Чүй каналынын Абдрахманов көчөсү менен кесилишкен жеринде болжол менен бир жашка толо элек наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын жансыз денеси 3-февралда табылган.

«Учурда наристенин жашы жана эмнеден улам чарчаганы, табылган жерге кандайча ташталганы боюнча атайын экспертиза дайындалды. Бул факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Ыкчам-тергөө тобу кызматкерлер бөбөктүн энесин издеп жатышат», - деп билдирет басма сөз кызматы.