13.07.2018 15:57

Бишкектин четиндеги жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды, бири-беш жаштагы бала

Бишкектин четиндеги жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды, бири-беш жаштагы бала

Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо жол кырсыгы катталып, андан 3 адам каза тапты. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

«Жол кырсыгы бүгүн 13.00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында болгон. Унааны башкарып бараткан 22 жаштагы кыз рулга ээ боло албай калып,  «Мерседес»  үлгүсүндөгү автоунаа бир нече жолу ала салып кеткен. Унаада айдоочу кыздан тышкары 46 жаштагы киши 5 жаштагы баласы менен болгон. Үчөө тең кырсык болгон жерде мүрт кеткен», — деп айтылат маалыматта.