22.08.2018 10:07

Бишкектин четиндеги жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды

Бишкектин четиндеги жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды

Бишкектин четиндеги ГЭС-5 аймагында жол кырсыгы болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу April.kg порталына ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык кечээ, 21-август күнү 20:00-20:30  чамасында болгон. «Toyota Gaia» үлгүсүндөгү автоунаа айланма жол менен түштүк тараптан түндүктү көздөй кетип бара жаткан.  ГЭС-5 аймагында айдоочу рулга ээ боло албай, жол четине чыгып, бакты сүзгөн.

Жерине тез жардам кызматы чакырылган. Унаанын ичиндеги 2 адам жаракаттар менен ооруканага жеткирилгени айтылат.