Бишкектин чок ортосунда өрттөнгөн унаа. Кырсыктын себептери такталууда

Бишкектин чок ортосунда өрттөнгөн унаа. Кырсыктын себептери такталууда

Бишкектин чок ортосунда унаа өрттөнүп кетти.  Кырсык кечээ түштөн кийин саат 14:30дарда жүз берген. Борбордук «Ала-Тоо» аянтына жакын жердеги унаа токтотуучу жайда турган «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаадан жалын тутанган.

Анын жанында турган «Фольксваген Поло» үлгүсүндөгү унаага да жалын жармашып, экинчи транспорттун жарымы күйүп кетти.

Тилсиз жоо катталган аймакка бир өрт өчүрүү унаасы тартылып, кырсыкты чектөөгө алган. Күбөлөрдүн айтымында айдоочу унаасын от алдырганда капотунан түтүн чыгып, ал жалынга айланып кеткен.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.