20.03.2019 11:39

Бишкектин экс-мэрлеринин соту. Жактоочу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бишкектин экс-мэрлеринин соту. Жактоочу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбордун экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. 

Жактоочу Сергей Слесарев сот Кубанычбек Касымбеков өзү кылмыш  ишинин фигуранты болгондуктан, анын ишти кароосуна каршы чыкты. 

Кубанычбек Касымбековго «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана  «Билип туруп акыйкат эмес сот өкүмүн, чечим жана башка соттук токтом чыгаруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам, айыпталуучулардын жактоочуларында ага ишенбөөгө толук негиз бар. 

Эскерте кетсек, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимовго  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда. 

Ал эми, Кубанычбек Кулматовго кытайлык компаниянын мектеп курууга берген каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда.