16.10.2019 15:30

Бишкектин жака белинде жеңил унаа менен поезд кагышты. Жабыркагандар бар

Бишкектин жака белинде жеңил унаа менен поезд кагышты. Жабыркагандар бар

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында жеңил унаа менен поезд сүзүштү. Бул туурасында ИИМден билдиришти.  

Мекеменин билдиргенине караганда, жол кырсыгы кечээ, 15-октябрда саат 16:20 чамасында Новопокровка айылында болгон. Анда Fiat Panda үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүккө кетип бара жатып, батыштан чыгышка бара жаткан поезддин алдынан чыга калган.

«Унаанын ичинде айдоочудан сырткары эки жүргүнчү болгон - 27 жаштагы кыз менен 5 жаштагы кыз. Алардын денелери сыйрылып, коркуп калышкан. Жабыркагандар ошол замат аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», - деп билдирет басма сөз кызматы.