24.04.2019 09:03

Бишкектин жаңы конуштарында 3000 мыйзамсыз салынган үй түрттүрүлөт

Бишкектин жаңы конуштарында 3000 мыйзамсыз салынган үй түрттүрүлөт

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун кезектеги билдирүүсү жаңы конуш тургундарын беймаза кылды. Бишкек мэриясы жаңы конуштардагы 6 миң үйдүн инвентаризациясын жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен, 3600 турак жай мыйзамдуу деп табылып, 2700дөн ашыгы түрттүрүлүүгө тийиш экенин аныктады.

Баш калааны 40 тан ашык жаңы конуш курчап турат. Кээ бири убагында таш түшүрүп, айдоо жерлерин чындыгында эле басып алса, көпчүлүгү басып алгандардан кайра сатып алгандар.