09.08.2018 18:21

Бишкектин жаңы мэрин шайлоо кандай өттү?

43 макул добуш, 1 каршы. Кечээ Бишкек шаардык кеңеши Азиз Суракматовду мэр кылып шайлашты. Атаандашы жок жалгыз талапкер Суракматов шаарды башкара турганы башында эле белгилүү болгон, анткени аны көпчүлүк коалиция сунуштап, сүрөй турганын айткан эле. Анын үстүнө буга чейин ушундай эле сценарий менен Ош шаарынын мэри да шайланган болчу. Азиз мырзанын талапкерлигине каршы добуш берген жалгыз "эргул" көпчүлүккө кызык болуп турат, агымга каршы сүзгөн депутат эртең кысымга кабылышы мүмкүн дегендер да жок эмес.