24.05.2019 12:35

Бишкектин жолдорунда акыркы үч ай ичинде адам өлүмү 6,5 % азайды

Бишкектин жолдорунда акыркы үч ай ичинде адам өлүмү 6,5 % азайды

Бишкектин жолдорунда акыркы үч ай ичинде адам өлүмү 6,5 % азайды. Бул туурасында «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын отурумунда ЖКККББ башчысынын орун басраы Иманалы Саркулов билдирди. 

Анын айтымында, 4-марттан 23-майга чейинки аралыкта калаада жол кырсыктарынын саны 2018-жылдын дал ушул аралыгы менен салыштырганда1,5 % кыскарган, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары - 6,5 % кыскарган. 

Чүй облусунда жол кырсыктары 2,1 % азыраак катталган, каза тапкандардын саны 33,5 % азайган. 

«Бишкекте видеокаттоо камералары орнотулган жерлерде жол кырсыгы 60-70% азайды», -деди ЖКККББ башчысынын орун басраы Иманалы Саркулов билдирди. 

Үч айдын ичинде мониторинг борбору 117 миң 845 жол эрежесин бузууну каттаган.  53 миң 800 протокол менен  77,3 млн. сом айып пул алынган.