16.12.2018 14:21

«Бишкекжашылдандыруучарбасынын» оранжереясы өрттөндү. Күбөлөрдүн божомолу

«Бишкекжашылдандыруучарбасынын» оранжереясы өрттөндү. Күбөлөрдүн божомолу

Бишкекте 16-декабрга караган түнү «Бишкекжашылдандыруучарбасы» ишканасынын Щербаков 38 дарегинде жайгашкан экинчи оранжереясында өрт чыкты. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти. 

Оранжерея күзөтчүсүнүн айтымында, өрт болжол менен түнкү 1:00дө башталган. Тилсиз жоо  менен күрөшүүгө 3 топ жана «Бишкекжашылдандыруучарбасынын» атайын техникасы жөнөтүлгөн. 

Өрт таңга маал чектөөгө алынды. Күйүп кеткен аянт 1000 м3. Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок. Күбөлөр бул атайылап өрт коюу деп божомолдошууда, анткени, оранжереянын үч жери бир убакта өрттөнүп баштаган. Жалындан гумус кылуу үчүн даярдалып коюлган жалбырактар жана бутактар күйүп кеткен.

«Өзүнөн өзү күйүшү мүмкүн эмес, анткени, чиринди жасоого даярдалган бутактар 3 жылдан ашык суу бойдон турушу керек», -дешет мекемеден. Жеринде ӨКМдин эксперттери иштеп, өрттүн чыгуу себептерин тактап жатышат.