29.05.2019 14:12

Бийлик жарандык активисттердин оозун мамлекеттик кызматтар менен жаап жатабы?

Бийлик жарандык активисттердин оозун мамлекеттик кызматтар менен жаап жатабы?

Кадр саясатынын айынан элдин каарына кабылган бийлик, оппозициянын тилин табуунун аргасын көрүп жатат. Тагыраак айтканда, министрлер кабинетинде бир катар чуулгандуу окуялардан кийин катары менен бошогон орундарга каршы позицияда жүргөндөрдү бирден терип коюшууда.

Айрым серепчилердин баамында, кадр саясатындагы кризис күн өткөн сайын байкалып баратат.