13.01.2020 15:43

Кадр саясаты: Сооронбай Жээнбеков өз аппаратындагы адистерди алмаштырды

Кадр саясаты: Сооронбай Жээнбеков өз аппаратындагы адистерди алмаштырды

Президент Сооронбай Жээнбеков  апаратындагы кадр саясатын кайрадан караштырды. Мамлекет башчы атайын жарлыкка кол коюп, алгач аппарат түзүмүн өзгөрттү.

Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын басма сөз катчысы кызматтары болуп экиге бөлүндү.

Ага ылайык, мурун басма сөз кызматын жана бөлүм башчысын бирдей аркалаган Стамалиева Толгонай Турдалиевна Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Ал эми КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Мансурова Наргиза Аскаровна дайындалды.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмү түзүлдү. Аны  Ташпаева Назгүл Аскеровна жетектейт.

Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү боюнча жаны ачылган бөлүмгө Базарбаев Кудайберген Базарбаевич башчы болуп келди.