19.04.2020 11:59

"Сооронбай Шарипович, эмнеге бизди алдап жатасыз?" - Москвада ара жолдо калгандардын кайрылуусу (видео)

"Сооронбай Шарипович, эмнеге бизди алдап жатасыз?" - Москвада ара жолдо калгандардын кайрылуусу (видео)

Москва шаарында ара жолдо калган дээрлик 300дөй кыргызстандык Бишкекке чыга албай турушат. Болбосо колдорунда билеттери бар. Күн мурун алар Президент Сооронбай Жээнбековго дагы бир кайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, жолдун акысын өздөрү төлөгөнгө даяр. Бардыгынын колдорунда билеттери бар.  Болгону Москва шаарынан учуруп, “Манас” аэропортунда конууга уруксаат берүүсү гана керек. Учурда жүздөгөн кыргызстандыктар учак күтүп, Москвадагы хостелдерде күн кечиришүүдө.

«Сооронбай Шарипович, эмнеге сиз бизди кичинекей балдардай алдап жатасыңар? Ар бирибиздин колубузда билеттерибиз бар. Биз аны сатып алганбыз. Бизди бекер жеткиргиле деп суранбай элебиз. Самолет же поезд караштырып бергиле деп өтүнүп жатабыз. Өкмөт Кытайдан, Өзбекстандан жана башка мамлекеттерден тынбай жардам алып жатасыздар, а эмнеге силер Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам бере албайсыздар?», - деп суроо салышат кайрылууда.  

Акциянын катышуучулары эгер бул кайрылуу дагы жоопсуз калса, анда ачкачылык жарыялоого даяр экендеринин билдиришти.