24.04.2020 15:10

Коронавирусту жуктургандар менен байланышта болгонун жашыргандарды аныктай башташат

Коронавирусту жуктургандар менен байланышта болгонун жашыргандарды аныктай башташат

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берип жатып билдирди.

Ал оорунун жайылышынын алдын алуу иштеринин кийинки этабында илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо жүрөрүн айтты.

Боронов бул үчүн бир апта бою эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп, үймө-үй кыдыруу болорун билдирди. Ал жаңы конуштарга жана эл жыш отурукташкан аймактарга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Бүгүн, 24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учур катталды. Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккан жарандардын саны 656 кишиге жетти. Ичинен 172си медицина кызматкерлери. Алар менен дээрлик 2 548 киши байланышта болушкан. Учурда 914 киши обсервацияга алынган. Ал эми бейтапканада 326 адам жатат. Ичинен 5 жарандын абалы оор, реанимацияда.

Ошол эле маалда бул илдеттен 322 бейтап сакайып,ю үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши оорудан көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.