25.04.2019 16:10

Биздин өлкө - биздин колубузда! Эртең борбордо уран иштетүүгө каршы акция өтөт

Биздин өлкө - биздин колубузда! Эртең борбордо уран иштетүүгө каршы акция өтөт

Эртең, 26-апрелде саат 10:00дө Бишкекте уран казууга каршы митинг өтөт. Катышуучулар Өкмөт үйүнүн жана «Ала-Тоо» аянтындагы «Манас» эстелигинин алдында чогулушат.  

Максат -Кыргызстандын аймагында уран казууга толугу менен тыюу салууга жетишүү. Митингди өткөрүүгө уран кенин  иштетүүгө уруксатты  мыйзамсыз берүү фактысы жана «Таш Булак» уран кенинде «ЮрАзия» компаниясынын өндүрүш ишмердүүлүгүнүн башталганы себеп болгону айтылат.

Иш-чаранын уюштуруучулары жана катышуучулары өлкөдө уран кендерин иштетүүгө толук тыюу салынышын каалашат  жана өлкөдөгү башка уран жайлары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашууларга кол коюлган-коюлбаганын тез арада текшерүүнү талап кылышат.

«Биз уранды иштетүүгө берилген уруксаттар боюнча  кайсы бир экспертизанын, же Өкмөттүн чалажан чараларынын жыйынтыгын күтүп отургубуз келбейт жана күтпөйбүз. Президент, же премьер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын одоно бузулушу боюнча  иликтөөнү баштоого буйрук бериши керек эле. Бирок, бул кадам дагы деле жасалган жок.

Биз Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына кайрылабыз! Кызматтагы аткаминерлердин мыйзамсыз иштерине жана паракорчулугуна ушунча чыдаганыбыз жетишет! Биздин өлкө - биздин колубузда! Балдарыбызга кандай Кыргызстанды өткөрүп беребиз? Келгиле, биздин келечегибизди,  жерибизди, биздин өмүрүбүздү жана  балдарыбыздын  ден соолугун бирге сактап калалы!», -деп айтылат кайрылууда.