Болот Сүйүнбаев каржы полициясынын башчысы кызматынан бошотулду

Болот Сүйүнбаев каржы полициясынын башчысы  кызматынан бошотулду

Болот Сүйүнбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (мурунку каржы полициясы)  төрагасы кызматынан бошотулду.  Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Сүйүнбаев Болот Турарович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп ээлеген кызматынан бошотулду.