18.07.2019 14:35

Криптовалюта, майнинг-ферма жана биткоин деген эмне?

Криптовалюта, майнинг-ферма жана биткоин деген эмне?

Жакында Финполиция бюджетке 200 миллион сомго чукул зыян алып келген майнинг-ферманы аныктады. Жогорку технология чөйрөсүндө санариптик акча катары саналган криптовалюта боюнча мыйзамсыз ишкердикти жүзөгө ашырган кылмыштуу топ баш калаадан колго түшүрүлгөн.

Майнинг-ферма электр энергиясы менен ортомчулар аркылуу камсыздалган. Мыйзамсыз электр жарыгын саткан компания былтыр 21 миллион сом киреше таап, салык төлөгөн эмес. Финпол өтө кооптуу деп атаган майнинг-ферма жана криптовалюта деген эмне өзү?