29.03.2018 17:33

Боом капчыгайында таштардын түшүүсү байкалууда

Боом капчыгайында таштардын түшүүсү байкалууда

Нөшөрлөгөн жаан жана шамалдан улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө таштардын түшүшү байкалууда.

Мындан улам,   жолчулар  тарабынан жолдун 130,3 чакырымында түнкү жарыктандыруу орнотулуп, ылдамдыкты саатына 60 км чейин чектөөнү туюнткан  жол белгилери коюлду.

Айдоочуларды жаан-чачындуу аба ырайында этият болуп, унаа ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырышат. Аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу азырынча таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлбөйт.