14.09.2018 13:13
Борбор калаада арыктарды калыбына келтирүүгө тоскоолдук жараткан гараждар түрттүрүлдү
© Бишкек мэриясы
Бишкек шаарында Герцен жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ирригациялык түйүндөрдү оңдоо-калыбына келтирүүнү жүргүзүүдө тоскоол болгон объектилер жана темир гараждар түрттүрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Түрттүрүү иштери Свердлов райондук администрациясынын 15.05.2018-ж.. чыгыш №18-439 катынын негизинде жүргүзүлдү. Алуу иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте жүргүзүштү.
Эскерте кесек, аталган даректе 2018-жылдын май айында ирригациялык түйүндөрдү оңдоого тоскоол болгон 62 темир гараж алынган.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: