20.03.2018 14:00

Борбордо 22-мартта жылуулук берүү токтойт

Бишкекте 22-мартта жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат  кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, шаар башчысы Албек Ибраимов тийиштүү  тескемеге кол койду.

Бекитилген талапка ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү сыртта  жылуулук 5 сутка катары менен +8 градустун айланасында болсо ишке ашырылат.