24.03.2020 11:33

Бишкекке кайрадан жылуулук бериле баштады

Бишкекке кайрадан жылуулук бериле баштады

Бишкек шаарындагы батирлерге жана мекемелерге борбордук системадан жылуулук кайрадан бериле баштады. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди кабыл алууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 25-27-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун эскерткен шашылыш билдирүүсү себеп болгон.

Жылуулук Бишкек мэриясынын буйругу чыкканча берилип турат.

Белгилей кетсек, жылуулук берүү күн жылыганына байланыштуу 19-мартта токтотулган болчу.