01.02.2019 10:30

Бразилияда дамбанын жырылып кетишинен жүздөн ашык адам каза тапты

Бразилияда дамбанын жырылып кетишинен жүздөн ашык адам каза тапты

Бразилиянын түштүк-чыгышындагы темир рудалуу шахтада дамба жырылып кетип, каза тапкандардын саны 110го жетти. Бул туурасында четэлдик телеканалдар билдиришти.

Курман болгон адамдардын жетимиш биринин өздүгү аныкталып,  238 киши дайынсыз жоголгондордун катарында болууда.

Дамба Бразилиядагы Vale аталышындагы ири тоо кен компаниясына  таандык, ал металлургия өндүрүшүнөн чыккан калдыктар бар сууну бууп турчу. 25-январь күнү тогоон (плотина) бузулуп, Минас-Жерайс штатынын Брумадинью муниципалитетинин аймагындагы турак үйлөрдү суу каптап кеткен. 

Дал ошол маалда жакын жердеги кафеде жүздөй жумушчу түштөнүп жатышкан. Баары тең кир суунун агымынын алдында калган. 

Жергиликтүү куткаруучулар дайынсыз жоголгондордун саны 300гө жетиши мүмкүн экенин айтышууда. Ал эми, штат губернатору Ромэу Земанын айтымында, алардын тирүү табылышы күмөндүү. Буга карабастан, издөө-куткаруу иштери дагы бир нече жумага созулат.