21.09.2018 09:40

Британиялык жаран таксиге акча төлөгүсү келбей, терезеден секирип каза тапты

Британиялык жаран таксиге акча төлөгүсү келбей, терезеден секирип каза тапты

Уэльстин жашоочусу Тони Пембертон такси үчүн 90 фунт стерлинг төлөгүсү келбей, айдоочуга ызы-чуу салды. Анан жүрүп бараткан унаадан сууга секирип кетип, алган жаракаттарынан жеринде каза тапты, деп жазат  The Mirror.

29 жаштагы Тони Пембертон өзүнүн сүйлөшкөн кызы Сара Перкинс менен Кардифф стадионунда өткөн спорттук мелдештен кайтып келаткан. Түгөйлөр кичине «сеп этип» алганы айтылат. Поездде орун жок болгондуктан, алар такси чакырышкан. Перкинстин айтымында, алгач такси айдоочусу кызматы үчүн 70 фунт стерлинг (6 миң сомдон ашыгыраак) сураган. Пембертон жолдогу май куюучу жайлардын бириндеги банкоматтан дал ушунча өлчөмдө акча чыгарып алган. 

Бирок, үйгө жакындап калганда айдоочу 80 фунт стерлинг (7 миң сомго жакын), анан 90 фунт стерлинг (8 миң сомго жакын) талап кылган. 

Айдоочунун мындай кылыгы Тонинин ачуусун келтирген. Ал алдыңкы отургучту буту менен тепкилеп, унаанын үстүн койгулаган. Кыздын аны жоошутуу аракетинен майнап чыккан эмес. 

Бир кезде жигит саатына 100 чакырым ылдамдыкта келе жаткан унаанын терезесинен секирип кеткен. Көптөгөн жаракаттарды алган Пембертон каза тапкан. 

Таксист тергөөдө өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Айтымында, түгөйлөр 75 фунт стерлингге жол жүрүшкөн. Бирок, алардын акчасы жетпей атканын түшүнүп, 70 фунтка эле жеткирүүгө макул болгон.