13.04.2018 15:52
Быйыл Улуттук коопсуздук кызматынын 45 кызматкери батирлүү болот
Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери үчүн курула турган көп кабаттуу турак-үйдүн пайдубалын түптөө башталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук органынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чара президент тарабынан 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоого байланыштуу жүрүүдө. Салтанаттуу аземге Ош шаарынын мэри, жетекчилик, ардагерлер, улуттук коопсуздук органынын кызматкерлери катышты.
МУКК 45тен ашуун кызматкеринин үй-бүлөсү жаңы конушка ушул жылы кире алышат. Президенттин жардамы менен улуттук коопсуздук органынын кызматкерлери үчүн мындай үйлөрдү өлкөнүн башка аймактарына да куруу пландалууда.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: