20.12.2018 15:51

Бурана айылына ташталган 1,5 жашар баланын ата-энеси табылды

Бурана айылына ташталган 1,5 жашар баланын ата-энеси табылды

Чүй облусуна караштуу Бурана айылынын аялдамасынан табылган 1,5 жашар баланы ким таштап кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, баланы жергиликтүү тургундар 10-декабрда табышкан. Кийин тиешелүү орган кызматкерлери баланын энесинин өздүгүн аныкташты. Ал Ысык-Ата районунун 23 жаштагы тургуну болуп чыкты. Аялдын 3 баласы бар, жарандык никедеги жолдошу менен 1 жыл мурун ажырашып кеткени анык болду.

«Каражаттын тартыштыгынан кичүү баласын мурунку жолдошуна берген. 10-декабрда аял баланы атасынын үйүнө алып келген, бирок ал баланы алуудан баш тарткан. Баланын чоң энеси ошол эле күнү 1 жарым жашар наристени айылдын аялдамасына таштап кетип, милицияга таштанды бала тууралуу кабар берген», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эске салсак, 10 күндөн бери бала Чүй облустук ооруканасында балдар бөлүмүндө жатат деген маалымат тараган. Бүгүн аны Токмоктогу атайын реабилитациялык борборго которушту.

«Ата-энесинде баланын документтери жок. Балким аны балдар үйүнө тапшырышат. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген соң, ата-энесине кайтарылат», -деп билдиришти Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен.