05.09.2018 11:56

Бурулайдын өлүмү боюнча сот иши башталды: М.Бөдөшев сот залында

Бурулайдын өлүмү боюнча сот иши башталды: М.Бөдөшев сот залында

Жайыл райондук сотунда бүгүн, 5-сентябрда райондук милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча сот башталды, деп жазат Turmush.

Маалыматка караганда, шектүү Марсбек Бөдөшевди жана аталган окуяга катыштыгы бар деп шектелген Акмат Сеитовду Бишкек шаарындагы СИЗОдон алып келишти. Учурда бүгүнкү сот процессине шектүү Марсбек Бөдөшевдин агасы катышып жатат. Ал эми апасы күйөөсүнүн каза болгондугуна байланыштуу катышкан жок.

Ошондой эле, сот процессине экинчи шектүү Акмат Сеитовдун апасы – «Баатыр эне» наамынын ээси жана кош бойлуу аялы катышууда. Апасынын айтымында, Акмат 30 жашта, үй-бүлөдө тогузунчу бала.

Марс Бөдөшевге эки эпизод боюнча айып тагылууда. Алар – Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүмү (ала качуу) жана 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3, 6, 11, 13-пункттары (адам өлтүрүү). Ал эми Акмат Сеитовго Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) боюнча айып тагылууда.