11.12.2018 14:08

Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марс Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылды

Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марс Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылды

Бурулай Турдалы кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан Марс Бөдөшов 20 жылга, анын досу Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.

Отурумга Санжар Чотонов төрагалык кылып, Бөдөшов менен Сейитовдун күнөөлөрү толугу менен далилденгенин билдирди.

«Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан Марс Бөдөшов 20 жылга күчөтүлгөн тартипте абакта жаза мөөнөтүн өтөсүн. Ал эми «ала качуу» беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылсын», - деди судья Чотонов.

Эскерте кетсек, кырсык ушул жылдын 27-майында болгон. 30 жаштагы Марс Бөдөшов 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызын үйлөнүү максатында ала качкан. Кыздын атасы милицияга чалып, Марстын унаасы Сосновка постунан токтотулган. Унаада кыздан тышкары, Марстын досу Акмат да болгон.

Баары тең Жайыл райондук ИИБге алынып келинип, бөлүмдөн таң калычтуу жагдайда Бурулай каза болгон. Марс Бөдөшов дагы оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Милиция «бир азга ээн калган Марс кызга, анан өзүнө бычак сайды» деген түшүндүрмө берген.