08.10.2019 12:50

БУУ кыргыз жаранына абройлуу укук коргоочулук Нансен премиясын тапшырды (фото)

БУУ кыргыз жаранына абройлуу укук коргоочулук Нансен премиясын тапшырды (фото)

Женева шаарында КР жараны Азизбек Ашуровго абройлуу укук коргоочулук Нансен премиясы тапшырылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

2019-жылдын 7-октябрында Женева шаарында БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Аткаруу Комитетинин 70-сессиясынын алкагында Кыргызстандын жараны А.Ашуровго эң абройлуу укук коргоочулук премиялардын бири - Нансен премиясын берүү аземи болуп өттү.

Аземде Нансен Комитети А.Ашуровдун ишмердүүлүгүн жана жарансыздыкты жок кылуу ишинде ал негиздеген «Юристы Ферганской долины без границ» уюмун жогору баалады жана мындай жыйынтыктарга жетишүү бул мамлекет менен жарандык коомдун ийгиликтүү кызматташуусунун жарык үлгүсү болуп саналаарын баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Нансен премиясы - Качкындар иштери боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын жыл сайын берилүүчү укук коргоочулук премиясы, ал качкындардын укугун коргоо жаатындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылат. Бул премия норвегиялык полярдык изилдөөчү, Качкындар боюнча улуттар лигасынын Башкы Комиссары, дуйнөлүк Нобел сыйлыгынын лауреаты Фритбоф Нансендин урматына аталган. Сыйлык 1954-жылы түзүлгөн. Нансен комитети түзүлүп, ал кандидаттарды тандоо иши менен алектене баштаган. Биринчи жолу Нансен сыйлыгы 1995-жылы тапшырылган.