15.11.2019 10:01

Бүгүн Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум башталат

Бүгүн Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум башталат

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райсотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча соттук отурум башталат. Бул иште башкы айыпталуучу катары Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев өтүп жатат.

Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында өлкөдөн чыгып кеткен. Анда дарыгерлер ага «курч миелобласттуу лейкоз» (М2-вариант) деген диагноз коюп, Нарында абакта жаткан жеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, ошол эле күнү Россияга кеткен.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ диагнозду жокко чыгарып, фактылар  жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Бул факт боюнча ал убакта жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтык берген эмес. 

2019-жылдын январында Батукаевдин бошотулушу боюнча иш кайра жанданган. Октябрь айында иш сотко өткөрүлгөн.

Бул иште айыпталуучу катары 19 адам өтүп жатат. Алар Батукаевге диагноз коюп берген дарыгерлер жана лаборанттар, ЖАМК өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, алардын арасында мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дагы бар. 

Буга чейин 14 айыпталуучу айып төлөп кутулуп кетишери мүмкүн экени айтылган — алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан. Алардын баары мурун камакка алынган болсо, кийин үй камагына чыгарылып кеткен. 

Мурунку президентти алгач бул иш боюнча күбө катары суракка чакырышкан. Алмазбек Атамбаев суракка баруу анын «экс-президент» макамына туура келбестигин белгилеп, баш тарткан. 8-августта анын Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасалып, Атамбаев УКМКга алынып келинген. Анын макамын күбөдөн шектүүгө өзгөртүп коюшкан.

Алмазбек Атамбаев бул иш боюнча соттук отурумдарга катышуудан, дегеле сурак берүүдөн баш тартууда.