11.10.2019 09:40

Бүгүн да уча албайсыз! «Эйр Манас» Бишкек-Ош-Бишкек каттамы боюнча рейстерин дагы токтотту

Бүгүн да уча албайсыз!  «Эйр Манас» Бишкек-Ош-Бишкек каттамы боюнча рейстерин дагы токтотту

«Эйр Манас» авиакомпаниясы техникалык себептерден улам, 11-октябрга белгиленген 6 каттамды жылдырды. Бул туурасында «Манас» аэропортунан билдиришти.

Аэропорттун маалымат кызматынын билдиришинче, калган каттамдар өз убагында жүргүзүлөт. 

Токтотулган каттамдар:

  • Бишкектен саат 7:35 уча турган 193-каттам
  • Оштон саат 9:50 уча турган 194-каттам
  • Бишкектен саат 12:00 уча турган 197-каттам
  • Оштон саат 13:50 уча турган 198-каттам.
  • Бишкектен саат 16:00 уча турган 205-каттам.
  • Оштон саат 18:10 уча турган 206-каттам

Жүргүнчүлөр бардык суроолор боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлүнө төмөнкү телкфон номери аркылуу кайрыла алышат:  0770 78 13 91.