05.03.2018 09:27

Бүгүн Кыргызстанда ак калпак күнү

Калпак күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарында  майрамдык иш-чаралар  уюштурулат. Мектептерде, окуу жайларда калпактын мааниси тууралуу атайын класстык  сааттар өткөрүлүп, калпак жана башка улуттук кийимдердин көргөзмөсү, сүрөт сынактары, концерттер болот.

Адатта бул күндү чет мамлекеттерде жашаган кыргыздар да белгилешет. 

Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси алгач ирет 2011-жылы көтөрүлүп чыккан. Идея-  кинорежиссер Рысбек Жабировго таандык.  6 жылдан кийин, демилге ЖК депутаттарынын колдоосуна арзып, 5-март   Ак калпак жана улуттук кийимдер  жылы деп жарыяланган.

Бул күнү коомдук жайларда ак калпак кийген жаштардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.