26.04.2018 18:00

"Апрель" телеканалынын түз эфиринде Албек Ибраимов суроолорго жооп берет

"Апрель" телеканалынын түз эфиринде  Албек Ибраимов суроолорго жооп берет

Бүгүн саат 21:30да "Апрель" телеканалынын түз эфирине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов келет. Көрсөтүүдө мэр алып баруучулардын суроолоруна жооп берет. 

Суроолор ар кандай багытта - шаардагы бак-дарактардын кыйылышынан баштап, жолдогу оңдоо иштери, тыгындар жана башка шаар тургундары тарабынан кызуу талкуу жараткан маселелер жөнүндө болмокчу.  

Эскерте кетсек, кечээ калаа башчы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын алдында отчёт берген. Анда мэриянын жасап жаткан иштери тууралуу маалымат угулган.

Шаардык кеңештеги  "Республика-Ата Журт" фракциясынын өкүлдөрү мэрдин отчётун канааттандыраарлык эмес деп табышкан. 

Муну калаа башчы "бийликти Атамбаевдин кадрларынан тазалоо аракети" катары баалай турганын билдирген.