12.11.2019 09:00

Бүгүн Тарых музейи жана ипподром боюнча соттук отурум болот

Бүгүн Тарых музейи жана ипподром боюнча соттук отурум болот

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум болот. Бул туурасында «Азаттык» билдирди. 

Жалпысынан бул иште алты адам фигурант катары өтүп жатат.  Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар.

Музейдеги коррупция тууралуу расмий түрдө бир жыл мурда айтылган. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет дээрлик 102 миллион сом зыян тартканын билдирген.

Сапар Исаков буга чейин музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген.