31.07.2019 11:56

«Бүткүл Кыргызстандын сүрөттөрү бар эле». Көлдө фотоаппарат жоготкон туристтер андагы сүрөттөргө кайгырышты

«Бүткүл Кыргызстандын сүрөттөрү бар эле».  Көлдө фотоаппарат жоготкон туристтер андагы сүрөттөргө кайгырышты

Ысык-Көл облусунда туристтик милиция орусиялык жарандардын рюкзагын табууга жардамдашты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз  кызматынан билдиришти.

30-июль күнү Каракол шаарында туристтик милициянын кызматкерлерине Орусия мамлекетинин эки жараны кайрылышкан. Александр Полукаров менен Андрей Чистых  Жети-Өгүз районундагы «Көк-Жайык» жайлоосун көргөндөн кийин, Каракол шаарына такси менен келишип, автоунаада рюкзагын унутуп калышканын билдиришкен. Рюкзактын ичинде фотоаппарат болгон жана анда жеке эле Ысык-Көл облусунда эмес, бүткүл Кыргызстанда саякатта жүргөн сүрөттөр тартылганын айтышкан.

Жоготулган буюмду бир сааттын аралыгында табууга үлгүрүштү. Туристтик милициянын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуу фирмалардын диспетчерлери аркылуу туристтерди шаарга жеткирген айдоочуну аныкташып, баалуу буюмду туристтерге кайтарып беришти. Ыраазы болгон туристтер милиция кызматкерлеринин көргөзгөн оперативдүү иш аракеттерине өздөрүнүн тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.